Маданият министрлиги “электрондук музей” концепциясын ишке ашыруу ниетинде

Маданият министрлиги “электрондук музей” концепциясын ишке ашыруу ниетинде.

 

Ведомство жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, бардык экспонаттарды санариптештирип, музейлердин электрондук каталогун түзүү пландалууда.

 

Андан тышкары, Маданият министрлиги Алыкул Осмонов атындагы музейди жана Ысык-Көлдөгү Мухтар Ауэзов атындагы музейди өзүнүн балансына өткөрүү ниетинде. Ошондой эле, “Манас-Ордо”, “Сулайман-Тоо” жана “Ата-Бейит” комплекстеринин концепциялары модернизацияланат.