Салык төлөөдөн качкан жарандардын карызынын суммасы 1.6 млрд сомдон ашты

Кыргызстанда салык төлөөдөн качкан жарандардын карызынын суммасы 1 миллиард 600 миллион сомдон ашты.

Бул тууралуу Мамлекеттик Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык төлөбөгөндөрдүн эң көбү Жалал-Абад облусу, Панфилов району жана Ошто катталган.