Бишкектеги улуттук орус драм театры убактылуу жабылат.
Маданият үйүндө капиталдык оңдоо иштери аткарылат. Жакынкы аралыкта
жумуштарды жүргүзө турган ишкананы аныктоо үчүн сынак жарыяланат.
Оңдоп-түзөө иштери февралдан тартып башталса, жыл аягына чейин бүтүрүү
пландалууда. Белгилеп кетсек, орус драм театры мындан 108 жыл
мурда 400 орунга чакталып курулган.