Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар үчүн визалардын жаңы түрүн киргизди

Тышкы иштер министрлиги чет элдик жарандар үчүн визалардын жаңы түрүн киргизди. Эми аларды Интернеттен эле, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылбай эле алса болот.

 

Документтер чет элдиктерге дагы, биздин өлкөнүн мурдагы жарандарына дагы жеткиликтүү. Өзгөчө көңүл “тоо туризми үчүн виза” категориясына берилет. Аны менен туристтер биздин өлкөгө 3 ай бою эч тоскоолдуксуз кирип-чыга алат.