Өлкөдө көмүргө баалар төмөндөп жатат. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, январда кара отундун бир тоннасынын баары декабрга салыштырмалуу, 51 сомго арзан болду. Учурда эң жогорку баалар Ноокатта, Баткенде, Кара-Сууда жана Исфанада – тоннасына 7 миң 611 сомго чейин.
Эң төмөн баалар Балыкчыда, Нарында жана Чаек айылында – тоннасы 3 миң 695 сом.