Кыргызстан калкынын саны 6,5 миллиондон ашты.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей,
туруктуу жашаган жарандардын саны ушул жылдын май айына чейин
0,6 пайызга же 40 миңге көбөйдү. 1-июлга карата туруктуу калктын
саны 6 миллион 564 миң адамга жетти, — дешти комитеттен.