Кыргызстанда ар бир телефон каттоого алынышы мүмкүн

Кыргызстанда ар бир телефон каттоого алынышы мүмкүн. Унаа жана жолдор министрлиги Жогорку Кеңештин кароосуна уюлдук телефондорду идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун тартуулады.

 

Документ кабыл алынса Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.

 

Мындай чара экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүгө да жардам берет.