АКШда официцант кызга чайлык катары дээрлик 200 миң сом калтырып кетишти

АКШда официцант кызга чайлык катары дээрлик 200 миң сом калтырып кетишти. Тайлер Салливан 4 жылдан бери кафеде тейлөөчү болуп эмгектенет. Жакында эле ал 22 достон турган коноктордун дасторконун тейлеген.

 

Алар кетээрде ар бири  100 доллардан чыгарып, кызга 2 миң 200 долларды чайга деп калтырышты. Тайлер буга чейин ири суммадагы чай акы алып көрбөгөнүн айтып, акчаны унаа алууга чогулта турганын билдирди.