Жаңы жылды кыргызстандыктар кар жок тосот. novosti.kgге Кыргызгидрометтен билдиришкендей, 1-январга караган түнү республика аймагында кар жаабайт. 2-январда гана тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде кар себелеп жаашы мүмкүн.
Ал эми аба табы тууралуу айта турган болсок, 31-декабрда күндүз +7 градуска чейин жылуу болсо, түнкүсүн 7 градуска дейре суук болушу күтүлөт.