Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды

Убактылуу айдоочу күбөлүктөрдүн мөөнөтү 15-февралга чейин узартылды. novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма-сөз катчысы Адилет Бейшеналиевдин айтымында, тиешелүү жарлык өкмөттө жактырылды.

 

Муну менен, убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алган жарандар ушул күнгө чейин документтерин алмаштырып алса болот. Эске салсак, буга чейинки мөөнөт 31-декабрда аяктамак.