Кыргызстандык мигранттардын санын азайтуу максатында аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, региондордо жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн кайра иштетүү, айыл-чарба, өндүрүш ишканаларын ачуу максатында мамлекеттик бюджеттен 2 миллиард сом бөлүндү.
Өлкө башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Россияда 700 миң, Түркияда 35 миң жана Кореяда 35 миң кыргызстандык иштөөгө аргасыз. Алардын көбү Кыргызстандын аймактарынан иш издеп кеткендер.