УКМК ишкер Имамидин Ташов кармалганын билдирди

Издөөдө жүргөн «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган.

 

«Тактап айтканда, И. Ташов Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды», — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, буга чейин УКМК Имамидин Ташовду коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлерин бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга чакырган деген айып менен мамлекеттер аралык издөөгө алган.

 

Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.