Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жаңы мектеп ачылды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жаңы мектеп ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 3 кабаттуу имарат 330 орунга чакталган.

 

Анда окуу класстары, конферецнц-зал, спорт зал жана ашкана каралган. Долбоорду ишке ашырууга 3,5 миллион доллар талап кылынды. Каражатты Өзбекстан бөлүп берген.