УКМКнын башкы башкармалыгынын Кара-Буура райондук жаңы имараты ачылды.
Novosti.kgге Талас облусунун жергиликтүү бийлигинен билдиришкендей, мекеме заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.
Кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн керектүү талапка жооп берет, — деп айтылат маалыматта.
Белгилеп кетсек, Кара-Буурадагы Улуттук коопсуздук комитетинин буга чейинки имараты эскилиги жетип калган.