Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылы даяр болот.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, ишти Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Долбоорлоо-изилдөө институту жүргүзүүдө.
Буга чейин Кыргызстанга 160 адис келгени маалымдалган.
Алар Нарын жана Жалал-Абад облустарында топографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, кыртыштын үлгүсүн сынайт.
Эске салсак, темир жол куруу долбоору боюнча кызматташуу келишимине сентябрда Самаркандда кол коюлган.