Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды.
Бул тууралуу маалымат “Электр станциялары” ишканасынын сайтында жарыяланды.
Сынакка ылайык, агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотуу керек.
Белгиленгендей, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган.
Аталган гидроэлектрстанциянын биринчи агрегаты 2010-жылы ишке берилген.