УКМКнын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду.
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-январда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү.
Эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл бардык шарттары бар имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.