Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик теңелди

Кыргызстанда аялдар менен эркектердин саны дээрлик теңелди. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-январына карата республикада жалпысынан 6 миллион 800 миң адам жашайт, анын 50,4 пайызын аялдар түзөт.

 

Ошондой эле, аялдардын жашоо узактыгы 8 жылга көп. Статистика көрсөткөндөй, соңку жылдары өлкөдө эркек балдар кыздарга караганда көп төрөлүүдө.

 

Мисалы, 100 кыз наристеге, 105 бала туура келет. Ал эми 80 жаштан ашкандардын арасында аядар эки эсе көп.