Украинадан жалпысынан 559 кыргызстандык эвакуацияланды

Украинадан жалпысынан 559 кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, консулдук каттоого 680 жаран турган. Бирок, жардамга кайрылгандардын саны күн сайын өсүүдө.

 

Учурда Украинанын аймагында жагы 93 кыргызстандык бар. Эске салсак, мекендештер дипломатиялык өкүлчүлүктүн жардамы менен Украинага чектеш Польша, Венгрия, Словакия жана Молдова аркылуу эвакуацияланып жатат. Жер-жерлерде кыргызстандыктар үчүн коопсуз жатаканалар уюштурулуп, алар тамак менен камсыздалды.