Улуттук банк көчмө жыйынын Баткенде өткөрдү

Улуттук банк Баткенде өлкөдөгү каржылык уюмдардын өкүлдөрү менен кеңири көчмө жыйын өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 15-декабрда өткөн жыйынга коммерциялык банктардын, каржы-насыя уюмдарынын Кыргызстандын банктар союзунун, Чакан каржы уюмдар ассоциациясынын, Кепилдик фондунун, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.

 

Баткен жана Ош облустарынын чек ара чырынан жабыркаган тургундарына колдоо көрсөтүү маселеси менен катар алардын насыя көйгөйүн чечүүгө жардам берүү сунуштары талкууланды.

 

Көчмө жыйындын соңунда анын катышуучуларынын биргелешкен резолюциясы кабыл алынды. Аталган документте чек ара окуясынын кесепетинен насыясын төлөй албай жаткан кардарлардын маселесин чечүү, насыя алууну каалагандардын арызын кароону жөнөкөйлөтүү, Баткен облусунун аймагында ишкерлик менен алектенгендерди колдоо багыттары камтылды.

 

Улуттук банк Баткен, Ош облустарындагы чек ара чатагында жабыркагандар ичинен 19 974 миң сомдук 298 насыя жоюлуп, 38 430 миң сомдук 170 насыя реструктуризацияланганын, учурда арыздарды кароо уланып жатканын өткөн аптада билдирген.