Декларацияда мүлкүн көрсөтпөгөн мамлекеттик кызматкерлер айыпка жыгылды

Башкы прокуратура Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык персоналды сертификациялоо бөлүмүнүн улук инспектору (Т. А. А.) салык декларациясында үч автоунаасын жана бир айдоо жерин көрсөтпөгөндүктөн беш миң сом айыпка жыгылганын билдирди.

 

Башкы көзөмөл органы андан тышкары Жерде жүрүүчү транспорт департаментинин жана “Түндүк” темир жол, “Манас”, “Баткен”, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери да бирдиктүү салык декларациясын талаптагыдай толтурбаганы аныкталганын кабарлады.

 

Транспорт прокуратурасы текшерүү жүргүзүп мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларында көрсөтүлбөгөн 88 мүлктү (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) тапкан. Бул фактылар боюнча “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” маалыматтык системасына 70 материал катталып, иш сотко жөнөтүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызматкерлерге 329 миң сом айып пул салынган.

 

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендер, ишкерлер, мүлкү барлар жыл сайын салык декларациясын тапшырып турууга милдеттүү.