Россиядан кыргызстандыктардын кезектеги тобу өлкөгө жеткирилди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандар Екатеринбург жана
Москвадан алынып келинди. Жалпысынан 411 мекендеш 2 учакка отургузулган.
Чет өлкөдөгү жарандарды Кыргызстанга кайтаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.