Кыргызстанда бензиндин баасы 2-3 жумадан кийин көтөрүлөт

Кыргызстанда бензиндин баасы 2-3 жумадан кийин көтөрүлөт.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 8 сомго, дизелдик отун 12 сомго

жогорулайт, — деп билдирди мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы

Канат Эшатов. Анын айтымында, ири компаниялар мындан ары төмөн бааны

кармап тура албайт. Кыргызстан Россиядан айына 45-50 миң тонна дизелдик

отун сатып алса, Казакстан 3 эсе көп алууда. Суроо-талаптын өскөнүнө

байланыштуу алар жыл башындагы тоннасына 340 долларды 790 долларга

көтөрдү. Мунун менен дизелдин өз наркы 65 сом болсо, май куюучу жайларда

53 сомдон сатылууда. Ири компаниялардын мындай иштегени көпкө созулбайт.

Ал эми кичи жана орто компаниялар кескин кымбаттоону көтөрө

албай жабылууда, — деп кошумчалады Эшатов.