Улуттук банк SWIFT системасынын ишине убактылуу чектөө киргизди

Улуттук банк SWIFT системасынын ишине убактылуу чектөө киргизди.

Эске салсак, бул – улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу акча которууга мүмкүнчүлүк берген түзүм.

Башкы каржы мекемесинин өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, мындай чара өлкөдөн сыртка каржылык

агылуулар болбошу үчүн көрүлдү. Учурда Улуттук банк өлкөдөгү кырдаалга байкоо жүргүзүп жатат.

Абал турукташса эле, банктык система штаттык режимде иштеп баштайт.