Улуттук банк коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөтүн дагы 3 айга жылдырууну сунуштады

Улуттук банк коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөтүн дагы 3 айга жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

 

Анын айтымында, жазында коммерциялык банктар өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу насыя төлөө мөөнөтүн 3 айга узарткан. Мындай жеңилдикти 76 миллиард сом насыясы бар 154 миң тарап колдонду.

 

Эми өлкөнүн башкы каржы мекемеси дагы ушундай эле сунушту көтөрдү. Эгер банк мөөнөтүн жылдыруудан баш тартса, жарандар Улуттук банкка кайрылса болот.