Кыргызстанда 92-үлгүдөгү бензиндин литри орточо эсеп менен 2 сом 20 тыйынга кымбаттады.
Бул тууралуу мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришти. 26-мартка карата
күйүүчү майдын орточо баасы 48 сом 70 тыйынды түздү. Белгилеп кетсек, марттын
башынан апрелдин алгачкы күндөрүнө чейин 92-бензин 5 сом 50 тыйынга кымбаттады.
Майда баалар кандай болот азырынча белгисиз. Бул кийинки айдын башында гана белгилүү болот.