Кыргызстан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча атайын холдингдерди түзүүнү көздөөдө

Кыргызстан мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча атайын холдингдерди түзүүнү көздөөдө.

Токтомдун долбоорун Экономика министрлиги даярдады.

Ведомство белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекет 50дөн ашык объектиде акционер катары иш алып барган эң ири менчик ээси бойдон калууда.

Бирок, мамлекеттик ишканалар өнүкпөй, эффективдүү башкаруунун негизги маселелери чечилбей келет.

Андыктан Экономика министрлигинин адистери тармактык холдингдерди түзүү зарыл деп эсептешет.