Бишкекте автобус айдоочулары жетишсиз

Бишкекте автобус айдоочулары жетишсиз. Мэриянын маалыматына ылайык, 210 автобустун ичинен линияларга 90у гана чыгат.

 

Кадрдык маселе учурда чечилип жатат, алсак, жаңы айдоочуларды коомдук транспортту башкарууга окутуу жүрүүдө.

 

Бирок, маршруттук таксилердин линиялардагы жетишсиздиги дагы байкалат. Расмий маалымат боюнча, 2017-жылы ордо калаада 4 миңден ашык маршруттук такси болсо, быйыл бул көрсөткүчтөн дээрлик 1,5 эсеге аз маршруттук такси элди ташып жатат. 2019-жылы Бишкекте 137 автобус жүрсө, учурда алардын саны 90дон ашпайт.