Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, түштөн кийин катталып,
очогунда күчү 4 баллга жетти. Зилзала Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл,
Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.