Амстердамда дүйнөдөгү эң жаш дипломдун ээси 9 жаштагы вундеркинд боло албайт.
Бала үчүн ата-энеси Бельгиядан Нидерландияга көчүп барган жана бул тууралуу мурда билдиргенбиз.
Эми бала билим алып жаткан университеттин жетекчилиги ага диплом берүүдөн баш тартты.
26-декабрда бала 10 жашка толгончо, анын ата-энеси дипломдуу болуп калышын каалашкан болчу.
Ушундай жагдайдан улам бала окуусун улантпайт. Ушуну менен
дүйнөлүк рекорддун ээси Америкалык вундеркинд болуп калат. Ал бакалавр баскычында диплом алган.