Калктын аярлуу катмарына нан арзандатылган баада сатылат

Калктын аярлуу катмарына нан арзандатылган баада сатылат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасы камкордук акциясын жарыялады. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

 

Акцияга ылайык, пенсионерлер, социалдык коргоого муктаж адамдар, студенттер, ардагерлер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өздөрүн күбөлөндүргөн документтер аркылуу Кыргызстандын чоң шаарларында арзан нан сатып алса болот.

 

Алсак, салмагы 450 грамм бөлкө 12 сомдон сатылат. Арзандатылган баада нан саткан түйүндөрдүн даректери:

 

  • Бишкек шаары, Масалиев көчөcү, 91;
  • Ош шаары, Баялинов көчөcү, 25:
  • Жалал-Абад шаары, Ленин көчөcү, 174;
  • Каракол шаары, Ленин көчөcү, 194;
  • Балыкчы шаары, Ысык-Көл көчөcү, 179.

 

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети нояб