«Унаа» мамлекеттик мекемеси Бишкекте мындан ары дем алышсыз иштейт.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мекеменин ордо калаадагы бөлүмдөрү ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 08:30дан кечки 17:30га чейин иш алып барат.
Мунун себеби транспорт каражаттарын каттоого же кайра каттоого алууну каалаган жарандардын көптүгүнө байланыштуу.