Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө маалымкаттарды эми калкты тейлөө борборлорунан алса болот

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө маалымкаттарды эми калкты тейлөө борборлорунан алса болот. “Кадастр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жарандарга кыймылсыз мүлк объектисине укуктар жана чектөөлөр боюнча кагаздар, техникалык мүнөздөмөлөр жана башка бир катар маалымкаттар берилет.

 

Андан тышкары, QR-коддор дагы жеткиликтүү болуп калды.

 

Анын жардамы менен берилген маалымкаттардын көчүрмөсүн тастыктоого мүмкүн болот.