Кыргызстанда орган кызматкерлери үй менен толук камсыз болот.
Бул тууралуу Садыр Жапаров Бишкекте милиция, бажы жана прокуратура органдарынын айрым жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу учурунда билдирди.
Иш-чарада президент алдыдагы үч жылда бардык орган кызматкерлери үчүн ипотекалык үйлөр куруларын кабарлады.
Быйыл жыл аягына чейин 15 миңдей батир курулуп бүтөт.
Эмки жылы, андан кийинки жылы да курулуп, 50-60 миң адам батир менен камсыз болот, — деди Жапаров.