“Унаа” мамлекеттик мекемесинде кайрадан техникалык мүчүлүштүктөр орун алды.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мунун себептери азырынча белгисиз.
Учурда адистер көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
Каттоо бөлүмдөрүнө барардын алдында жарандар 0 (312) 63-31-74 телефону аркылуу маалыматты тактап алуусу зарыл.