Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар кышка толук даяр

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар кышка толук даяр. Мэриядан билдиришкендей, суук тушкөндө туруктуу жашаган жери жок жарандар үчүн, борбордо муниципалдык баш калкалоочу жайлар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

 

Аларда ысык тамак берилип, түнөп кетүү үчун орундар түзүлгөн. Куткаруучулардын, медайымдардын нөөмөтү дагы уюштурулат.