Кыргызстанда беш жыл ичинде дан азыктары 51 пайыздан ашык кымбаттады.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.
2017-2022-жылдар аралыгында ун дээрлик 25 пайыз, нан 22 пайыз, кесме 21, күрүч 13,5 пайыз жогорулаган.
Ошондой эле, 2021-жылга салыштырмалуу былтыр азык-түлүктүн баасы 16 пайызга кымбаттаган.
Белгиленгендей, буга инфляция себеп болгон.