Мыйзамсыз чыгарылып бараткан 1 миллион медициналык беткап алынды

Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион даана медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында белгилүү болду.

 

Беткаптарды мыйзамсыз жол менен кимдер, кайсы өлкөгө алып баратканы тууралуу маалымат берилген жок. Штабдын жетекчисинин орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын билдиргенине караганда азыр бул ишти финполиция териштирип жатат.

 

10-февралда да Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө бекетинен Өзбекстанга тийиштүү документтери жок 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалган.

 

Кыргызстанда беткап тартыш экендиги, аны тиккен жергиликтүү ишкана жок экендиги мурдараак Жогорку Кеңештин эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылган.