2 айда эле Бирдиктүү реестрге 88 миң бузуу катталды

2 айда эле Бирдиктүү реестрге 88 миң бузуу катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Ведомстводон такташкандай, милиция тарабынан 1 миң 446 эскертүү берилип, дээрлик 136 миллион сомго айып салынды.

 

Белгилеп кетсек, Кылмыштардын бирдиктүү реестри — бузуулар боюнча бардык маалыматты каттоо жана сактоо үчүн иштелип чыккан автоматтык система.