ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде

ФИФА дүйнө чемпионатынын башталышын жылдыруу ниетинде. Уюмдан билдиришкендей, чечим кабыл алынса, турнир 21-ноябрда эмес, 20-ноябрда старт алат. Муну менен алгачкы ачуучу беттеш 20-ноябрда, жекшембиде өтөт.

 

Анда Катар-Эквадор курамалары ойнойт. Эске салсак, мундиаль биринчи жолу араб  өлкөсү – Катарда өтөт.

 

Аталган өлкөдө күн ысык болгондуктан, чемпионат адаттагыдай жайында эмес, күзүндө уюштурулат.