Франция курамасынын жарым коргоочусу Поль Погба Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпайт. Оюнчунун агенти билдиргендей, футболчу тизесине операциядан кийин калыбына келиши керек.
Погба Франция курамасы үчүн 9 жылдан бери ойноп келет. Команданын курамында ал 2018-жылы дүйнө чемпионатын, Улуттар лигасын утуп, Европа чемпионатынын күмүш медалчысы болгон.