Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат. Рейтерс билдиргендей, күйөрмандар сырттан сыра ичип келсе болот, бирок стадиондордо алкоголдук суусундуктар сатылбайт.

 

Эске салсак, Катарда коомдук жайларда спирт ичимдиктерине мыйзам түрүндө тыюу салынат. Өлкөгө аны импорттоого дагы болбойт. Дүйнө чемпионаты араб мамлекетинде 21-ноябрда башталып, 18-декабрга чейин созулат.