Вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды.
Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети
кабыл алды. Учурда Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
Ал бул кызматка 2019-жылы апрель айында келген. Буга чейин
Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.