Бишкек жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкек жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетет.

Буга байланыштуу унааларды жеңил конструкциялардын жана

бактардын алдына токтотпоо сунушталат.