Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусуна барат.

Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей,

иш сапардын алкагында Москва, Жайыл райондорундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана

сот органдарындагы, медицина мекемелериндеги санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү ишканаларынын жумушу жана калкты таза суу менен

камсыз кылуу боюнча долбоорлорду көрүп кайтат.