Оор атлетика боюнча  Бекдөөлөт Расулбеков  эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Оор атлетика боюнча  Бекдөөлөт Расулбеков  эл аралык мелдеште

алтын медаль утту. Учурда «International Solidarity Championships» турнири

Ташкент шаарында өтүп жатат. Расулбеков 96 килограмм категориясында күч сынап,

375 килограмм салмактагы штанганы көтөрө алды. Буга чейин, 81 килограммга чейинки

салмактагы категорияда катышкан Эмил Молдодосов 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль уткан.