WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Колдонуучулар персоналдык аватарларды жасап, алар менен стикерлердин топтомун түзүп алса болот. Мындай стикерлерди чаттарга жана тайпаларга дагы жөнөтүүгө мүмкүн.

 

Андан тышкары, аватарларды профилдин башкы сүрөтү кылып жана видеочалуулар учурундагы маска катары орнотуп алса болот.  Жаңы функция качан бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болот, азырынча белгисиз.