Бразилияда транспорттун жаңы түрүн ойлоп чыгышты

Бразилияда транспорттун жаңы түрүн ойлоп чыгышты. Ал Гаррри Поттер тасмаларындагы каармандар учуп жүргөн шыпыргыларга окшош. Бирок алардан айырмаланып, сыйкырдын күчү менен эмес, атайын мотордун жардамы менен жылат.

 

Мындай өзгөчө “машине” саатына 60 чакырым менен жүрө алат. Ал кичинекей болгондуктан, тыгындарда турбайт. Бирок мындай транспортту башкаруу үчүн бир аз шамдагайлык жана эрк талап кылынат.