Жакында эле Инстаграммдагы катталуучулардын саны боюнча рекорд койгон Роналдунун 50 миллион катталуучусу фейк болуп чыкты

 

Жакында эле Инстаграммдагы катталуучулардын саны боюнча рекорд койгон Роналдунун 50 миллион катталуучусу фейк болуп чыкты. Британиялык “The Sun” басылмасынын маалыматында, футболчунун аккаунту HypeAuditor платформасы аркылуу текшерилген.

 

Ал  25,1 пайыз катталуучулар фейк экенин тастыктады.  Андан улам, басылма Роналду жасалма жол менен катталуучунун санын көбөйткөн деген тыянак чыгарды. Белгилеп кетсек, форварддын инстаграмм баракчасына 200 миллион адам катталган.