Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткүчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду.

 

Саясатчынын бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-июнда караган.

 

Сарпашев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн. Аталган райсот 19-июнда Сарпашевдин ишин карап, аны 31-июлга чейин камакта калтырган.

 

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

 

Тергөөдө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы аныкталганы кабарланган. Сарпашевдун жакындары жана жактоочусу азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

 

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

 

Андан сырткары Сарпашев 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.